Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Казакстандык журналист операторунун автоунаасы жардырылганын кабарлады


Борейко соцтармакка жарыялаган сүрөт.
Борейко соцтармакка жарыялаган сүрөт.

Казакстанда "Гиперборей" Ютуб каналынын автору, журналист Вадим Борейко 20-февралга караган түнү операторунун эки автоунаасы жарылганын кабарлады.

Полиция сотко чейинки териштирүү баштап, соттук, техникалык экспертиза дайындалды. Акыркы жарым жылда Казакстанда журналисттерге кол салуу учурлары көбөйдү.

14-январда алматылык журналист Динара Егеубаева белгисиз кишилер автоунаасын өрттөп кеткенин билдирген. Ал бул окуяны өмүрүнө кол салуу катары баалап, укук коргоо органдарына арыз жазган. Көп өтпөй полиция журналисттин автоунаасын өрттөөгө жана анын Elmedia редакциясынын терезесин сындырууга шектелип беш өспүрүм кармалганын билдирген.

18-январда Ulysmedia.kz сайтына хакердик чабуул болгон - сайттын негизги бетине башкы редактор Самал Ибраеванын жеке маалыматтары чыккан. Алардын арасында Ибраеванын үй-бүлөсүнүн буга чейин эч жерде жарыяланбаган сүрөттөрү да болгон.

Ага улай белгисиз кишилер түн жарымда журналист Вадим Борейко жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги эшикке сүрөт тартып, батиринин эшигине курулушта пайдаланыла турган көбүк чачып кетишкен.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошкон. Өлкө "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

XS
SM
MD
LG