ТИМ: Кыргызстан тышкы саясат концепциясын кайра карап чыгууда

ТИМ имараты.

Кыргызстан “Тышкы саясатынын концепциясын” толук бойдон кайра карап чыгууда. Бул тууралуу бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министрдин айтымында, бул маселе жыл соңунда өткөн коллегия жыйынында талкууланган жана ушу тапта атайын жумуш тобу иштеп жатат:

“Концепцияны толугу менен карап чыгабыз. Анткени азыр дүйнө өзгөрүп жатат. Көп чакырыктар бар. Ошол чакырыктарга биз кандай реакция кылабыз, ким менен кандай кызматташабыз, жакыныбыз ким болот, алысыбыз ким болот, ошо жөнүндө толук ойлонуп чыгып, концепция түзүшүбүз керек”.

"Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы" деген документтин соңку варианты 2019-жылы кабыл алынган. Анда Кыргызстан прагматикалуу, тең салмактуу, ачык, көп вектордуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзөрү жазылган. (RK)

Дагы караңыз

Дубайдагы жолугушуу Бакиевдин маселесин көтөрдүАкаев: Дубайдагы жолугушуу бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болдуТүркмөнстан Өзбекстанга жардам иретинде газ жиберди АКШнын президенти Жо Байден Киевге барды