Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

АКШнын президенти Жо Байден Киевге барды


Зеленский жана Байден.
Зеленский жана Байден.

АКШнын президенти Жо Байден күтүлбөгөн жерден дүйшөмбү күнү Киевге барды.

Маалымат каражаттары Байден Владимир Зеленский менен чогуу сиренанын коштоосунда Украинанын коргоочуларынын мемориалына зыярат кылган видеону жарыялады.

Кийинчерээк президент Зеленский Телеграмга: “Жозеф Байден, Киевге кош келиңиз! Сиздин сапарыңыз бардык украиналыктарды колдоонун өтө маанилүү белгиси” деп жазды.

Байден Украинага канча колдоо керек болсо ошончо жардам берилерин айтты. Кошмо Штаттар соңку бир жылда Киевге аскердик жардам берүү жагынан алдынкы сапта болду.

Тышкы иштер министрлиги мурдараак Киевдин Батыштагы “негизги” өнөктөштөрүнүн бири келерин кабарлаган. Журналисттер жана социалдык түйүн колдонуучулары баш калаада таң эрте айрым көчөлөр жабылганын жазышты.

21-февралда Байдендин Польшага сапары башталат.

  • Украинада 20-февралда Асман жүзүнүн Баатырларынын күнү белгиленүүдө. 2014-жылы Киевдин Майдан аянтында ондогон демонстранттарды снайперлер атып өлтүргөн. Бир нече күндөн кийин Майдандын тарапкерлери жеңишке жетип, ал кездеги президент Виктор Янукович өлкөдөн качып кеткен.
  • АКШ президенти Украинага акыркы жолу 2008-жылы барган. Ал ошол кездеги мамлекет башчы кичүү Жорж Буш эле.
  • Байден Барак Обаманын администрациясында вице-президент болуп иштеп турганда Киевге бир нече жолу сапар жасаган. Орусия басып киргенден бери бери АКШнын Украинага келген эң жогорку даражалуу расмий өкүлү мамлекеттик катчы Энтони Блинкен болду.

XS
SM
MD
LG