Боррель Украинага жардамды тездетүүгө чакырды

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Мүнхендеги конференцияда дүйнөлүк коомчулукту Украинага жардамды күчтөп, тездетүүгө чакырды. Ал 6-7-марттагы Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу ушул маселеге арналарын билдирди.

Боррель Украина азыр курал-жарак жана аскердик техникадан өксүп турганын, мындан улам жакынкы апталарда жардамды тездетүү зарылдыгын айтты. Украинага танк берүү маселесин Европа өлкөлөрү абдан жай карап жатканын сындап, сөздөн ишке өтүүнү сунуштады.

"Биз Украинага курал беришибиз керек. Анткени бул согуш Европанын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат,"– деди Боррель.

Ал Украинага ири көлөмдө курал-жарак берген европалык өлкөлөрдүн кампасы бөксөрө тургандыгын, мындан улам алар келечекте аскер өндүрүшүнүн кубаттуулугун көбөйтүшү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, Боррель Украинанын "европалык үй-бүлөгө" таандык болуп калганын белгилеп, муну мыйзамдаштыруу жагы гана калганын айтты.

Мүнхенде 17-19-февраль күндөрү эл аралык коопсуздук боюнча конференция өтүп жатат. Ага 40тан ашуун мамлекеттердин президенттери, ар кайсы өлкөлөрдөн 90дон ашуун министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты. Быйылкы жыйынга Москвадан расмий өкүлдөр чакырылган жок. Орусиянын Украинага басып киргенине бир жыл болду.

Дагы караңыз

Орусия Крымдагы украиндердин 700дөй активин улутташтырдыАба ырайы: күн ачык болотЧаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилдиАтамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады"Вечерний Бишкек" доосу, Kaktus.media жүйөсүАжылык үчүн электрондук тизмеге катталуу 20-февралда башталатТүркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштады