Бишкектеги үч кишинин, эне-балдардын өлүмүнө шек саналган жаран эки айга камалды. Бишкектин Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышка шектүү 36 жаштагы жаран 17-февралда кармалган. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Расмий маалыматта ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалганы айтылат.
Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазууда. Ал
2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган. (КЕ)
Дагы караңыз
Талас: Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал жарыяландыКыргыз өкмөтү башкы бассейндердин аймактык чек араларын бекиттиТүркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты19-февралдын аба ырайы