Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты


Түркия.
Түркия.

Февралдын башында Түркия менен Сирияда болгон катуу зилзалада каза тапкандардын саны 45 миңден ашты.

Reuters агенттигинин жазганына караганда, Түркияда курмандыктардын саны 39 672, Сирияда 5800 адамга жеткен. Канча кишинин дайыны чыкпай жатканын бийлик өкүлдөрү айта элек.

Түркияда сейсмикалык активдүү аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү курууда стандарттарды сактабаганы үчүн бийликке жана курулушчуларга олуттуу дооматтар коюлууда. Өлкөдө имараттардын урашы боюнча иш иликтенип жатат - 100дөн ашуун шектүүнү кармоо чечими кабыл алынган.

Зилзаланын кесепетинен миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын көбү баш калкалай турган жери жок, көчөдө калды. Буга чейин Сирияда кырдаал, аялдар менен балдардын абалы аянычтуу экенин Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу корунун аймактык өкүлү Лейла Бейкер билдирген.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG