Орусиялык спорт блогери, мурдагы футболчу Евгений Савин "орус армиясын жаманатты кылган" деп 50 миң рубль айыпка жыгылганын "Интерфакс" кабарлады.
Былтыр Орусиядан чыгып кеткен Савин сот отурумуна катышкан жок.
Ага орус армиясын каралады деп административдик иш козголгону январда белгилүү болгон.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Савин согушка каршы тасма тартып, YouTube каналына жарыялаган. Анда украин футболчулары орус баскынчылыгы башталгандан берки башынан өткөргөн окуялары тууралуу айтып берет.
Видео чыккандан кийин Савинге таандык футбол клубга Красногорск шаарындагы стадиондо машыгууга тыюу салынган. Демөөрчүлөр клубду каржылоодон баш тарткан. Савин команданы колдоо максатын көздөп өзүнүн батирин сатканы айтылган.
Май айында 38 жаштагы Савин Орусиядан чыгып, командасын Кипрде каттоодон өткөргөн.
Дагы караңыз
Жовтенко: Кыргыз мигранттарын согушка барбоого чакырамОшто балдар үйүндө беш жаштагы балага ырайымсыз мамиле жасалганы айтылуудаЭлектр жарыгы кымбаттайт: өкмөт сунуштаган бааКемпир-Абад иши: Сот Карасартова менен Сасыкбаеваны абакта калтырды