Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Ошто балдар үйүндө беш жаштагы балага ырайымсыз мамиле жасалганы айтылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Ош шаарындагы "Лотос" балдар үйүндө беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле жасалганын билдирүүдө.

"Борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө "Лотос" балдар үйүнүн тарбиячысы беш жаштагы кызга катуу мамиле жасаганын күбөлөндүргөн видеотасма келип түштү. Бул окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия 10-февралда балдар үйүнө Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү менен чогуу барды", - деп маалымдады Кыйноолорго каршы борбордун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, комиссия балдар үйүнүн жетекчиси менен сүйлөшкөн. Директор кичинекей кыздын колундагы жана далысындагы көгала тактар чырдашып кеткен балдарды ажыратуу максатында колунан тарткан кезде тырмактары тийип чийип кеткенден улам болгонун айткан. Ал эми кыздын жүзүндөгү так жыгылып түшкөндө болушу мүмкүн деп билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбору бул иш боюнча чогулган материалдар Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

Бул окуя тууралуу азырынча балдар үйүнүн жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Лотос" балдар үйүндө 4-16 жаштагы 12 бала тарбияланат. Балдар үйүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгы камсыздайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG