Брайл арибинин кыргызча стандарты бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызча Брайл шрифтинин стандарты бекитилди. Бул тууралуу 15-февралда “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбору кабарлады.

"Көптөн бери күткөн жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. “Кыргызстандарт” мекемеси Брайлдын кыргызча шрифтинин стандартын бекитти. Буга чейин Кыргызстан Орусиянын стандартын колдонуп келген. Басылмалар кыргызча ө, ү, ң тамгаларын түрдүү символдор менен белгилешчү" деп айтылат борбордун маалыматында.

Стандарттарды “Майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер” коомдук фондунун адистери иштеп чыгышкан.

Көзү көрбөгөн же начар көргөн адамдар кагаздын барагындагы тешиктердин комбинациясынан куралган ариптерди айтылуу Брайлдын методу деген ыкма боюнча манжалардын жардамы менен окушат.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Кыргызстанда 6 миңдей, 2021-жылдагы жергиликтүү шайлоого да ошончо бюллетень Брайл тамгасы менен даярдалган. (RK)

Дагы караңыз

Күчүктү класска алып кирген баланы тилдеген мугалимге сөгүш берилдиКемпир-Абад иши: Айданбек Акматов 20-апрелге чейин камакта калдыХорог: кар көчкүдө калгандар арасында мургабдык кыргыздар барОрус армиясы Украинанын аймактарын ракета менен аткылады