Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Кемпир-Абад иши: Айданбек Акматов 20-апрелге чейин камакта калды


Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган журналист Айданбек Акматовду Биринчи Май райондук соту бүгүн, 16-февралда 20-апрелге чейин камакта калтырды.

15-февралда райондук соттун чечими менен саясатчылар: Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Акыл Айтбаев жана жарандык активисттер Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалай Мадеминов, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматов жана Чыңгыз Капаровдун иши каралып, алар дагы 20-апрелге чейин тергөө абагында калтырылган.

Учурда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганына байланыштуу Бишкектеги менчик клиникалардын биринде жатат. Ал дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилери кабарланды.

Ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Нурлан Асанбековдун жана жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматованын үй камагы дагы эки айга узартылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG