Кадамжай районундагы №5 Бабажан Айтматов атындагы 4-класстын окуучусун класска күчүк алып келгени үчүн тилдеп, мектептен чыгарып жиберерин айткан мугалимге Билим берүү жана илим министрлиги сөгүш берди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мектептин директору жана социалдык педагог эскертүү алды. Райондук администрация бул окуяны териштирип жатканы кабарланды.
15-февралда социалдык тармактарда мектеп окуучусу класска күчүк алып келгенин көргөн мугалим баланы тилдеген. Кийинчерээк соцпедагогдун жана директордун алдында баланы мектептен чыгарып жиберерин айткан.
Окуя тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Айрымдар мугалимди жактаса, кээ бирлери баланы боорукерлиги үчүн тилдеген мугалимди сынга алышууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Хорог: кар көчкүдө калгандар арасында мургабдык кыргыздар барОрус армиясы Украинанын аймактарын ракета менен аткыладыМадумаров өкмөттүн Конституциялык сотко кайрылганын сындадыСасыкбаева өзүнө дагы бир кылмыш иши козголгонун билдирди