Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:32

Сасыкбаева өзүнө дагы бир кылмыш иши козголгонун билдирди


Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган саясатчы Асия Сасыкбаева сотто "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Ал өзүнө дагы кошумча кылмыш иши козголгону тууралуу укканын айтып, аны менен тааныша электигин билдирди.

Азыркы соттук отурумду жашыруун деген макам алдында өткөрүүгө негиз жок экенин айтты.

Бүгүн, 16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул ишке катышы бар деп кармалган 13 кишинин бөгөт чарасын карайт.

"Мында жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес. Анткени бүт эле, жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, сүйлөгөн сөзүбүздүн баары ачык. Экспертизанын жыйынтыгы менен таанышып чыктык. Ал жерде дагы башаламан. Экинчиси экспертиза биринчисинен айырмаланат. Дагы бир кылмыш иши ачылганын уктум, бирок аны менен тааныша элекмин. Анткени биз тергөөчү менен жолуккан жокпуз", - деди Сасыкбаева.


Ички иштер министрлиги Сасыкбаеванын айткандарына комментарий бере элек.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дай киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, үчөө үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG