17-февралдын аба ырайы

Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градуска жетет. (КЕ)

Дагы караңыз

Жапаров Кыргызстанда үйлөрдүн сапаты текшериле баштаганын билдирдиДепутат чек арада курулуп жаткан үйлөрдүн аянты чакан болуп калганын сындадыСирияда калган кыргызстандык балдар жана аялдар алып келиндиТүркияга жардам эсебине түшкөн каражат 26,3 млн. сомдон ашты