Электр тарифин дээрлик 30% жогорулатуу сунушталды

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин жогорулатуу сунушталууда. Энергетика министрлиги 14-февралда “2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты” токтомун өзгөртүү сунушун коомдук талкууга чыгарды.

Министрлик сунуштап жаткан өзгөртүү кабыл алынса, быйыл 1-майдан тартып калк үчүн бир кВт/саат тарифи азыркы 77 тыйындын ордуна 1 сом болот. Жогорулоо дээрлик отуз процентти түзөт.

Эгер бир айлык керектөө 1,5 миң кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылганай, тарифти 1-июндан тартып жогорулатуу пландалып жаткан. Бирок Дүйнөлүк банктан грант алуу маселесине байланыштуу 1-майга деп сунушталууда.

Калктын аз камсыз болгон катмарларына мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү каралат.

Азыркы тариф боюнча калк үчүн электр энергиясынын наркы 700 кВт/саатка чейин 77 тыйынды түзүүдө, андан ашса 2,16 сом. Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган. (RK)

Дагы караңыз

Жарандык активист Али Шабдан дагы эки айга абакта калдыБрюсселде НАТОнун коргоо министрлери Украинага курал жеткирүүнү тездетүүнү талкуулайт   Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түзүүдөСоцфонддо топтолгон акчасы бар экенин билбегендер маселеси көтөрүлдү