USAID Кыргызстанга дагы 6 млн. доллар берет

Ортодо министр Гүлнара Баатырова жана USAID уюмунун администраторунун орун басары Изабел Коулман.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын бекемдөө максатында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 6 млн. доллар бөлөт.

Анын ичинен 2 млн. доллар аялдардын ишкерлигин колдоо максатында, 4 млн. доллар саламаттык сактоо тармагына берилет.

Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда аталган уюмдун администраторунун орун басары Изобел Коулман менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусунда маалымдалды.

Изабел Коулман андан кийин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен да жолугушту. Жолугушууда тараптар кургак учук, COVID-19, ВИЧ/СПИД менен күрөшүү жана саламаттык сактоо тармагын бекемдөө жаатында пикир алышты.

Министр Баатырова эл аралык уюмга туруктуу жардамы, колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

ЮСАИД уюмунун администраторунун орун басары Изобел Коулман өз кезегинде саламаттык сактоо тармагына артыкчылык берилип келе жатканын белгилеп, кыргыз өкмөтүнө жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык айтты.

Коулман USAID Кыргызстанга саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана түрдүү чукул кырдаалдарга даяр туруусуна 4 млн. доллар бөлүүнү көздөп жатканын билдирди.

USAID уюмунун администраторунун орун басары Изобел Коулман Кыргызстанга Борбор Азияга сапарынын алкагында келди. Ал мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ишкерлер жана журналисттер менен жолугушат.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам берген. (ZKo)

Дагы караңыз

Жарандык активист Али Шабдан дагы эки айга абакта калдыБрюсселде НАТОнун коргоо министрлери Украинага курал жеткирүүнү тездетүүнү талкуулайт   Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түзүүдөСоцфонддо топтолгон акчасы бар экенин билбегендер маселеси көтөрүлдүСот Орозайым Нарматованы 20-апрелге чейин үй камагында калтырды