Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери Украинага курал жеткирүүнү тездетүүнү талкуулайт   

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Украинанын коргоо министри Алексей Резников. 14-февраль, 2023-жыл.

Украина Брюсселде экинчи күнү катары менен чогулуп жаткан Батыштагы өнөктөш өлкөлөрдүн коргоо министрлеринен курал-жарак берүүнү тездетүүнү суранды.

Украин президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда, ошондой эле жыйынга катышкан украин расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүндө өлкө чыгышындагы Донбасста орус күчтөрүнүн чабуулу күчөгөнү белгиленди. 15-февралда Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут шаарынын тегерегинде гана эмес, Лиман, Авдеевка, Купянсканын да айланасында кармаш жүрүп жатканын билдирди.

Зеленский Батыштан украиндерге курал-жабдык келгенче орус күчтөрү майданда болушунча илгерилөөгө аракеттенип жатканын айтты.

“Алган башкы багытыбыз өзгөрүүсүз экенин ишеним менен айта алам. Украина өз өнөктөштөрү менен террордук мамлекеттин жеңилиши үчүн баарын жасайт. Аны тез арада ишке ашырууга болгон күчүн жумшайт”, - деди украин лидери шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда.

14-февралда Брюсселде башталган жыйындын биринчи күнү НАТОнун коргоо министрлери украин бийлиги сураган чабуул койчу учактарды берүү боюнча бир пикирге келген жок. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевге согуштук учактарды берүү кийинчерек талкууланарын айтты.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Киевдин өнөктөштөрү орустардын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн Украинага "эмне качан керек болсо" камсыздоону улантарын айтты.

"Согуштун эң маанилүү учурунда жеңип чыгуу үчүн украин армиясынын муктаждыктары бар", - деди Пентагондун жетекчиси Брюсселде өткөн жолугушууда.

Остин өнөктөштөр кошумча танктарды, ок-дары жана абадан коргонуу системасын берерин, системаларды интеграциялоо жана украин аскерлерин машыктыруу пландары тууралуу айтты.

Батыштын чалгын кызматтары Украинанын чек арасында Орусия аскердик күчүн топтоп жатканы тууралуу маалымат таратты.

Дагы караңыз

Санкциялар: Бишкек Орусияга чырмалууда Түркия: "Элге жашаган үйлөрүн мүрзө кылып бердиңер" ЖМК мыйзамы: талаштуу үчүнчү вариантТүркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты