Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Бишкек шаары. 4-январь, 2023-жыл.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 15-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

15-февралда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…-7, күндүз 1…6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот.

Дагы караңыз

Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасына жаткырылдыРайондук сот Алмазбек Атамбаевге чет өлкөдө дарыланууга уруксат бергени кабарландыБишкекте автобус каттамдары көбөйүп, кичиавтобустар алынатУкраин элчиси мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырды