Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

Бишкекте автобус каттамдары көбөйүп, кичиавтобустар алынат


Ак-Ордо - Кустанай каттамындагы жаңы №19 автобустун багыты. (Сүрөт Бишкек мэриясына таандык).
Ак-Ордо - Кустанай каттамындагы жаңы №19 автобустун багыты. (Сүрөт Бишкек мэриясына таандык).

Бишкекте Кытайдан сатып алган 20 Zhongtong 6105 үлгүсүндөгү автобустар каттамга чыгарылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбордук көчөлөрдү бошотуу жана экологиялык максатта кичиавтобустук каттамдардын кыймылы өзгөртүлүп, атайын долбоорлор даярдалды.

Ага ылайык, Аламүдүн, Ош базарларын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин кыдырып эл ташыган №35 жана №48 автобустарга 28 унаа бөлүнөт. Бул каттамдар №113 жана №114 каттамындагы жалпысы 84 кичиавтобусту алмаштырат. №38 жана №42 автобустук каттамдарга ар бирине 19дан автобус бөлүнөт. Алардын баары күн сайын каттамга чыгышат. №7 автобустук каттамга 20 автобус берилет. Бул каттамдардагы автобустардын жүрүү интервалы 7 мүнөттөн.

Шаардык транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыкты. Алар: №31 автобустук каттамга (Ынтымак жаңы конушунда - айланма) 24 унаа берилет. Бул №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№49 автобустук каттамга (Арча - Бешик ж/к – айланма) 11 автобус бөлүнөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№50 автобустук каттамга (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) 19 автобус иштейт, 66 кичиавтобусту алмаштырат.

№19 автобустук каттамда (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) күн сайын 17 автобус иштейт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жаңы каттамдардагы жалпы 54 автобус шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүрүп, 162 кичиавтобустарды алмаштырат.

Борбор калаада транспорт тартыштыгы өзгөчө окуу башталганда сезилет. Шаардагы мектептерде расмий эсеп боюнча 137 424төн ашык окуучу бар. Алардын көбү жашаган жеринен алыс жайгашкан мектептерде окуйт.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG