Түркия: Зилзалада жабыркагандар үчүн тигилген боз үйлөр

Кахраманмараш шаарындагы боз үйлөр

13-февралда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкканын билдирди.

Жекшембиде Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Алар дары-дармек, медициналык жабдууларды, күндөлүк керектелчү буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл нерселерди, ошондой эле 75 боз үй алып кетишкен.

Кахраманмараштагы боз үйлөр

13-феавралда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын статиондорунун биринде элчиликтин, башкы консулдуктун кызматкерлери, кыргызстандык студенттер, "Кыргызстан Достук жана Маданият" коомунун жана "Кыргыз түрктөрү" коомунун мүчөлөрү Бишкектен жеткирилген боз үйлөрдү тигүүгө киришти.

"Биз кечээ кечинде учак менен келген 75 боз үйдү Кахраманмараш шаарында тигип атабыз. Бүгүн дагы аэропортко кошумча 50-60 боз үй дагы келди. Аларды эми эртең курабыз. Стамбулдан келгендер баш болуп Түркиядагы кыргыз ыктыярчылар боз үй тигүүдө жардам берип атышат. Шаарда болсо улам улам силкинүүлөр болуп атат. Эл кабатыр. Куткаруу иштери дээрлик бүтүп калыптыр. Шаарда тазалоо техникалары иштеп атат. Чатырлар чынында тартыш экен" - деди "Кыргызстан Достук жана Маданият" жетекчиси Туйгун Эргешов.

Дүйшөмбүдө ошондой эле Бишкектен Түркияга дагы кошумча 35 куткаруучу жөнөп кетти. Алардын арасында үч дарыгер бар. Алар менен кошо 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана дары-дармек жөнөтүлдү.

Курулуш компаниясынын кожоюндары камалууда

Түрк бийлиги зилзалада жабыркаган 10 провинцияда 170 миң имаратты карап чыккандан кийин 25 миң үй пайдубалына чейин жер менен жексен болгону же өтө катуу кыйраганы аныктады. Ишембиде Түркиянын Юстиция министри Бекир Бозбаг курулуш компанияларына жооптуу 113 кишини кармоого буйрук бергенин кабарлады. Жекшембиде 12 киши кармалганы маалым болду.

Түрк оппозициясы бийлик курулуш бизнесинде эржелер менен нормаларга көз жуумп келген, 1999-жылкы жер титирөөдөн эч кандай сабак алган эмес деп сындап жатат.

Тоодой үйүлгөн урандылардын алдынан адамдарды аман алып чыгуу мүмкүнчүлүгү барган сайын азаюуда. Айрым жерлерде талап-тоноо болуп, жергиликтүү куралчан топтор атышканга чейин барышты.

Министр Бозбаг жекшембиде талап-тоноолор боюнча суроого жооп берип жатып "75 окуя тыкыр иликтенип 64 шектүүгө кылмыш иши козголду, 57си камакка алынды", - деди.

"4 миллиондон ашык киши жардамга муктаж"

БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирди.

"Мен азыр Баб ал-Хавадамда турам. Маңдайымда Түркия, аркамда Сирия. Чек ара бекетинде турам. Бул жерде көрүп тургандай, гуманитардык жардам ташыган унаалар Сирияга өтүп атат. Күнүнө 10 чакты жүк ташыган автоунаа өтүп баштады. Сириянын түндүк-батышындагы кишилерге шашылыш гуманитардык жардам керек. 4 миллиондон ашык киши биздин жардамыбызга муктаж" деди БУУнун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатару Мартин Гриффитс "Рейтер" кабар агенттигине берген маегинде.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 35 миңден ашты. Улуттар Уюму бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Соңку маалыматка караганда Түркияда курмандыктар 31 миңден өтсө, Сирияда 4 жарым миңден ашканы кабарланды. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки өлкөдө апааттан 26 миллиондой киши жабыркаганын билдирди.