Коомдук кеңештердин мүчөлөрү президентке кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештердин мүчөлөрү Министрлер кабинетинин аларды жоюу демилгесине каршы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

"Коомдук кеңештер бир жагынан мамлекеттик мекемелер аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, экинчи жагынан аталган мекемелердин ишиндеги ачыктыкты камсыздап, коррупциянын алдын алуу максатында түзүлгөн. Ушул тапта түрдүү тармактардагы коомдук кеңештерде 400дөн ашуун адам ыктыярчы катары эмгектенип келишет. Тилекке каршы, 2020-жылдын октябрынан тартып, Кыргызстанда коомдук кеңештерге мамиле солгундап, өкмөт аларды укмаксан, көрмөксөн болуп келе жатат", -деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле Министрлер кабинети коомдук кеңештер менен чогуу жыл жыйынтыктоочу жыйынды өткөрбөгөнү, курамы мөөнөтү өткөнүнө карабай жаңылана электиги белгиленген.

"Министрлер кабинетинин өлкөнү башкарууда жарандык коомдун катышын жокко чыгарганы - коррупцияга алып келди. Transparency International уюмунун көрсөткүчүнө ылайык, 2020-жылы Кыргызстан бул жаатта 124-орунда болсо, 2021-жылы 144-орунга төмөндөдү. Министрлер кабинетинин коомдук кеңештерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, буга аталган кеңештердин иши "натыйжа бере албады" дегени чындыкка жатпайт. 12 жыл ичинде коомдук кеңештер өлкөдө экономиканын өсүшүнө, элдин жеткиликтүү турак-жай менен камсыз болушуна, коррупциянын денгээли кыйла төмөндөшүнө, сот системасынын реформаланышына, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардын натыйжалуу иштөөсүнө алып келди".

Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Отунбаеванын бул демилгеси жарандык коом жана ишкерлер тарабынан колдоо таап, 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынган.

Байкоочу кеңештерге ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү эки жылга тандалат. Коомчулукта "байкоочу кеңештер институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок, бийликтин айтканынан чыкпайт" деген пикирлер да айтылып жүрөт.

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кенеш бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Адам эркиндигинин индекси боюнча Казакстандан, Орусиядан алдыда туратПрезиденттик администрация ЖМК мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сунуштадыCOVID-19: Кыргызстанда бир аптада 12 учур катталдыЖК: Мамлекеттик кызматтагы гендердик балансты жумушчу топ текшеретУкраина: “Вагнерчилер” Бахмуттун жанындагы кыштакты басып алганын билдирдиАмерикалыктар Канаданын үстүнөн "табышмактуу" аппаратты атып түшүрдү