Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Президенттик администрация ЖМК мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сунуштады


Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш. Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш. Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын даярдап, 11-февралда жумушчу топко сунуштады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, жаңы сунушталган долбоор алгачкы редакцияга окшошуп кетет. Анда массалык маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү талабы кайра кошулган.

Ал эми буга чейинки редакциядагы социалдык тармактын колдонуучулары жана блогерлерге байланыштуу беренелер алынып салынган.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ 30-январда жыйын өткөргөн. Анда медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарын бермей болгон. Президенттин администрациясы аларды кабыл алып, карап чыгууга даяр экенин билдирген.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Былтыр 15-ноябрда сын-пикир коштолгон коомдук жыйындан кийин президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон.

Жумушчу топ 5-декабрда түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы вариантын даярдап, жогорудагы жумушчу топко сунуштаганы быйыл январда белгилүү болду. Анда блогерлерге же катталуучусу көп колдонуучуларга жаңы талаптар да камтылган. (TAb)

XS
SM
MD
LG