ТИМ: Түркияда кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалымат тастыктала элек

ТИМ имараты.

Түркиядагы жер титирөөдө кыргызстандык келин каза болгону тууралуу маалымат 10-февралдын күндүзгү саат 12сине карата расмий тастыктала электигин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта ал келин жашаган аймакта куткаруу иштери уланып жатат, аны менен байланыш жок болууда, Антальядагы Башкы консулдуктун жетекчилиги жана кызматкерлери азыр ошол жерде жүрүшөт.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны каза тапканы, хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганы 9-февралда маалымдалган.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңден ашты.

Дагы караңыз

Орус элчилигинин алдындагы акциясы үчүн кармалган адамдын иши сотко жөнөтүлдүУКМК: Балдарды чет өлкөгө алып чыгуу үчүн жасалма документ даярдап жүргөндөр аныкталдыБейөкмөт уюмдар: талаштуу мыйзам кайра иштелип чыгат"Азаттыктын" айланасындагы окуялардын хронологиясы