Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

УКМК: Балдарды чет өлкөгө алып чыгуу үчүн жасалма документ даярдап жүргөндөр аныкталды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абадда балдардын сыртка чыгуусуна жасалма документ жасап берип жүргөн адам кармалганын бүгүн 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Базар-Коргон районунда мурда жеке нотариус болуп иштеп жүргөн адам кармалып, кылмыштуу схемага авиакассалардын, адвокатуранын жана айрым жеке нотариустардын кызматкерлеринин тиешеси бар экени аныкталды.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Документтердин жасалмасын жасоо” деген 379-беренесинин негизинде козголгону, алар балдарды чет өлкөлөргө алып чыгуу үчүн паспорт алууга керектүү нотариалдык документтерди ата-энесинин уруксаты жок толтуруп берип жүрүшкөнү, тинтүү учурунда далил буюмдар табылганы маалымдалды.

Кыргызстандын мыйзамы боюнча, балага чет элге чыгууга паспорт жасатуу үчүн нотариустун баланын атасынын да, энесинин да макулдугу тастыкталган аныктамасы талап кылынат. (RK)

XS
SM
MD
LG