Чилинин "муз периси" Антарктикада рекорд койду

Чилилик суучул Барбара Эрнандес Антарктикада сөөктөн өткөн муздак сууда эки жарым километр сүздү. Reuters агенттиги муну рекорд деп атады.

Жергиликтүүлөр "муз периси" деп атаган Барбара жекшембиде Гринвич аралында суучулдардын кийимин кийбестен, баш кийим жана көз айнектен башка коргоочу каражаттары жок эле 45 мүнөт сууда сүздү.

"Өз калыбыма келүү бир топ оор болду. Анткени тулку боюм дээрлик тоңуп калды, дене табым 27 градуска чейин түштү. Мындай катаал шартта сүзүү үчүн моралдык жактан да мыкты даярдык керек. Бул сыноону ийгиликтүү өтүүгө үч жыл даярдык көрдүк", - деди ал.

37 жаштагы Барбара муну адамдарды климаттын өзгөрүшү тууралуу көбүрөөк окуп, билүүгө жана экологияны коргоого үндөгүсү келерин айтты.

Дагы караңыз

Доминика аралында ооруканада жаткан кыргыз жаранына жардам көрсөтүлүүдө Британияда иштегиң келсе оор шартка даяр болТашкентте дагы бир блогер "алдамчылыкка" шек саналып кармалды