Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Ташкентте дагы бир блогер "алдамчылыкка" шек саналып кармалды


Абдукодир Муминов
Абдукодир Муминов

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Өзбекстандагы белгилүү блогер, Ютубдагы Ko'zgu каналынын автору Абдукодир Муминов кармалганын ырастады. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча шек саналууда.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Муминов жарандардан, компаниялардан акча талап кылып, бербегендерди жаманатты кылган видеолорду жасаганы айтылат.

8-февралда Муминовдун жакындары жарандык кийимчен адамдар анын Ташкенттеги үйүн тинтип, компьютерин алып кеткенин, блогер өзү дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Дагы бир блогер Аслиддин Камол кесиптешинин жоголушун анын президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдарынын ишине байланыштуу жасаган иликтөөсү менен байланыштырды.

Абдукодир Муминовдун кармалышы Human.uz сайтынын кеңсеси тинтүүгө алынып, бир катар жергиликтүү журналисттер менен блогерлерге каршы кылмыш иштери козголгон учурга туш келди.

27-январда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Human.uz сайтынын башчысы жана бир нече журналисти "алдамчылыкка" шек саналып кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG