УКМК Токмокто мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылганын билдирди

Майнинг ферманын техникалары. УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу иш-аракеттеринин натыйжасында Токмок шаарында мыйзамсыз иштеген майнинг ферма табылганын билдирди. Атайын кызмат алдын ала эсепке ылайык, мамлекет андан бир миллион сомдук зыян тартканын кабарлады.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө "Айдоочулар бирикмесинин Токмок шаардык кеңеши" коомдук бирикмесине таандык гаражда майнинг-ферма бар экени аныкталды. Комиссиялык текшерүүдө Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электростанциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылкы Д.Т.А. аттуу тургундун катышуусунда гараждардын ичиндеги жертөлөдөн "S9" жана "L3" маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылды. Бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулганы белгилүү болду", - деп жазылган маалыматта.

УКМК буга чейин дагы мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталганын билдирген.

Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигинен улам “Улуттук энерго холдинг” компаниясы майнинг ишканаларына жарык берүүгө тыюу салган.

Электрондук валюта чыгарган компаниялар майнинг ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта чыгарат. Бул үчүн электр энергиясын өтө көп колдонулат, токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келатат.

Дагы караңыз

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөтАкылбек Жапаров былтыр салык 63,8 млрд. сомго көп чогулганын айтты Догдурбеков ЭлТР "ПолитКлиниканы" сотко берерин айтты Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү ЖК: чек ара жаңжалында үйү тонолгондорго жардам берүү маселеси көтөрүлдү Сот "Азаттыктын" Финчалгынга каршы арызын кароону мартка жылдырды