Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жолдонду. Арыз ээси, адвокат Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” 8-февралда билдиргендей, ал Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кызмат адамдарына жана анын ишин көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга каршы иш козгоону талап кылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова техникалык аудит учурунда ЖЭБдин түтүнүн чыпкалоочу электр жабдыктары бир нече жылдан бери иштебей тургандыгын айтып чыккан.
Улуттук энергохолдинг Кутмановага жооп кайтарып, аудит жүргүзгөн орусиялык компаниянын стандарттары Кыргызстанга туура келбейт деп билдирген.
Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет. (BCh)
Дагы караңыз
Кумтөр: сый акы, эс алуу, эмерекке чачылган миллиондор Түркия менен Сирияда зилзаладан мерт болгондор 8 миңден ашты Кыргызстан Түркияга дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр экенин билдирдиЖанар Акаев орус абактарынан согушка барган кыргызстандыктар маселесин көтөрдү