Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Кыргызстан Түркияга дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр экенин билдирди


Кыргызстан Түркияга жер титирөөдөн жараат алгандарга жардам берүү үчүн өз дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр экенин бүгүн 8-февралда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушууда айтты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр.

«Жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз», - деди Гүлнара Баатырова.

Түркия менен Сирияда 6-февралда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандар бар-жогун тактоо иштерин улантууда. 7-февралда Адана шаарында кыргызстандык келин жараат алганы, ал ооруканадан медициналык жардам алып чыкканы расмий кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG