Москва менен Тегеран Орусиянын аймагында учкучсуз учак чыгарган завод ачууну көздөп жатканын The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Басылмага маалымат бергендердин айтымында, 5-январда ирандык делегация Татарстандын Алабуга шаарына келип, завод куруу пландалып жаткан жерди көргөн.
Жылына кеминде 6 миң дрон чыгарууга ылайыкталган завод эки өлкө ортосундагы 1 миллиард долларлык келишимдин бир бөлүгү экени айтылууда.
Январда АКШнын Соода министрлиги дрондорду долбоорлоо жана өндүрүү менен алектенген жети ирандык компанияга экспорттук чектөөлөрдү, Ирандын учкучсуз учактарын Орусияга жеткирүүгө көмөктөшкөн деп шек саналган Shahed Aviation Industries Research Center, Paravar жана башка компанияларга каршы санкцияларды киргизген.
Киев жана эл аралык коомчулук Москваны Украинага сокку урууда Ирандын "Шахед-136" учкучсуз учактарын колдонууда деп айыптайт. Орусия менен Иран муну четке кагууда.
Дагы караңыз
Догдургүл Кендирбаева: "Азаттык" сырттагы мекендештердин үнүн угузган аянтчага айлана алды DW: Украиналык ырчылар Анна Нетребко чакырылган концерттен баш тарттыБишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты