Догдургүл Кендирбаева: "Азаттык" сырттагы мекендештердин үнүн угузган аянтчага айлана алды

Догдургүл Кендирбаева.

«Азаттык» жаштарды тарбиялоодо, кыз-келиндердин укугун коргоодо, чет жакта жүргөн мекендештердин үнүн угууда өзгөчө орунду ээлеген маалымат каражаты экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда билим берүү жаатындагы адис Догдургүл Кендирбаева билдирди.

Ал «Азаттыкты» жабуу аракети ишке ашса өлкө үчүн кесепети жакшы болбой турганын белгилеп, «келечекти эске албаган жана кыска максатка жетеленген» андай чечим кооптонууну жаратарын белгиледи:

«Жаш муун өкүлдөрүндө сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууда оор жоготууга учурайбыз. Анткени туура маалыматка аны талдоо аркылуу гана жетсе болот. Адилеттүүлүк жана жеткиликтүүлүк деген да принциптер бузулат. Сырттагы миңдеген мекендештер «Азаттыкты» угушат. Бул медиа кыз-келиндердин укугун коргоонун, гендердик теңчиликти камсыз кылуунун, билим берүү реформасынын эркин көз караштар аянтчасы. «Азаттык» – лидерлердин мектеби. Бул жерден эң мыкты депутаттар, мамлекеттик башкаруу системасына келген инсандар бар. Элге таасири бар болгондуктан аларга добуш беришкен».

Бүгүнкү талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү сунушталды. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.

Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.

Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары министрлик аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракетин да көрүүдө. (RK)

Дагы караңыз

DW: Украиналык ырчылар Анна Нетребко чакырылган концерттен баш тарттыБишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден аштыТүркиядагы жер титирөөдө Өзбекстандын жараны каза болду