USAID Кыргызстандын мектептерине "математика сандыкчаларын" тартуулады

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана USAID өкүлү Кайя Адамс.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги Кыргызстандын мамлекеттик мектептеринде математика сабагын окутууну жакшыртууга көмөктөшүүдө. 1682 мектеп методикалык материалдардын 3372 топтому менен камсыз болорун Билим берүү жана илим министрлиги 6-февралда кабарлады.

Мекеменини маалыматына караганда, “математика сандыкчаларын” тапшыруу салтанатына министр Уланбек Мамбетакунов жана USAID уюмунун миссия жетекчиси Кайя Адамс катышты.

Ичинде 27 түрдүү модель салынган “Математикалык сандыкчаларды” башталгыч класстарда математика сабагын окуткан мугалимдер колдонушат. Бул үчүн долбоорго катышып жаткан 13 миң мугалим март айында атайын окуудан өтөт.

Кыргызстан экономика жана социалдык тармактарда реформа жүргүзүү үчүн каражатты, насыяны жана бекер жардамды эл аралык уюмдардан алат. (RK)

Дагы караңыз

Ош аэропорту: майып жарандын арызынан улам комиссия түзүлдү Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондор 1200дөн аштыТүркия - Сирия чегиндеги зилзалада 1500дөн ашуун киши набыт болдуИрандагы акциялардын ураанына айланган ыр "Гремми" сыйлыгын алды