Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады.
Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде 221 киши набыт болгону кабарланууда.
Эки өлкөдө миңдеген адам жараат алды. Урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу уланууда.
АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган.
Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.
Дагы караңыз
Ирандагы акциялардын ураанына айланган ыр "Гремми" сыйлыгын алды"24.kg" сайтынын жетекчиси Асель Оторбаева УКМКга суракка чакырылганын айттыЫдырыс Исаков Ош милициясына дагы чакыртылганын билдирди