Башкы прокуратура: Рузахунов жана Сыдыков боюнча тийиштүү материалдар казак тарапка жөнөтүлдү

Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстанда кыйноого кабылган эки кыргыз жараны боюнча казак тарап сураган тийиштүү материалдарды жөнөткөнүн мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда эки иш козголуп, тергөө уланып жатканы, Казакстанда да иштер козголуп, алар Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан укуктук жардам сурап кайрылышканы маалым болду.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берип, Бишкекке жөнөтүшкөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда ошол жылдын 8-январында кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын моюнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Алар кабылган окуялар боюнча иштер "кыйноо" беренеси менен козголгон. (RK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: күндүз жамгыр, түндө кар жаайтБылтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталганИИМ: Жүзүнөн тааныган камера аркылуу үч айда 171 адам кармалды Депутат Транспорт министрлиги карызы боюнча 1-орундагы мекеме экенин айтты