Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Аба ырайы: күндүз жамгыр, түндө кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10.

Бишкекте түнкүсүн кар, күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот.

XS
SM
MD
LG