Казакстандын түштүгүндө суу ташкындан 200өй адам эвакуацияланды

Түркстан облусу. 2023-жылдын 2-февралы.

Казакстандын түштүк аймагындагы Түркстан облусунда бир катар шаар-кыштактарда суу ташкындап, жалпысынан 204 адам эвакуацияланганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси 3-февралда билдирди. Жергиликтүү тургундардын 200дөй мал-жандыгы да коопсуз жактарга чыгарылды.

Ондогон калктуу конуштарды суу каптап, жол кыймылы токтоп, ушу тапта куткаруучулар суунун андан ары жайылышына жол бербөө аракетин көрүп жатышат.

2-февралда Түркстан облусунда тез эриген кардын жана нөшөр жаандын айынан бир катар райондордо суунун деңгээли көтөрүлгөн. Кентау жана Түркстан шаарларында, Байдибек, Сауран жана Ордабасы райондорунда көчөлөрдү суу каптаган. (RK)

Дагы караңыз

"Шоро" байке мекенчил, намыскөй элеСөз эркиндиги: "Клооптун" сайты, "Азаттыктын" сотуНАТО: Стокгольмдун ниети, Анкаранын каршылыгыЛавров ЖККУ аскерлерин БУУнун уруксатысыз эле жайгаштыра алчу норма даярдалып жатканын айтты