Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Лавров ЖККУ аскерлерин БУУнун уруксатысыз эле жайгаштыра алчу норма даярдалып жатканын айтты


ЖККУнун аскердик машыгуусу. Архивдик сүрөт.
ЖККУнун аскердик машыгуусу. Архивдик сүрөт.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) аскерлерин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин уруксатын албастан эле жайгаштыра алчу норма даярдалып жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-февралда жергиликтүү басылмаларга курган маегинде билдирди. Анын айтымында, ушу тапта ЖККУнун уставына тийиштүү өзгөртүүлөр даярдалууда.

Лавров өзгөртүү Казакстандын сунушу боюнча даярдалып жатканын, азыркы келишимде ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугу жана санкциясы боюнча жайгаштырылат деп жазылып турганын айтты. Мындай норманы ал “ашыкча” деп атап, уюмга мүчө кайсы бир өлкөнүн өзүнүн өтүнүчү "толук жетиштүү” экенин белгилеп, буга 2022-жылдын январындагы Казакстандагы окуяларды мисал келтирди.

Орус министринин айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, уюмдун натыйжалуулугу жогорулайт.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Былтыр сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган.

Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигонунда 10-14-октябрда өтө турган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.

10-21-октябрь күндөрү Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өткөн аскердик машыгууга Кыргызстан катышкан эмес.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин ошол кездеги биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Ошол эле мезгилде Армения Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Баку менен тиреште Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан. Быйыл январда бул өлкөдө өтө турган ЖККУ машыгуусу да болгон эмес.

25-январда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин Кыргызстандын Тажикстан менен чечиле элек чек ара маселеси бар экенин, бул уюмдун машыгуусун өткөрүүдөн кыргыз тарап былтыр баш тартып койгонун белгилеп, «Бул уюм бизге керекпи?» деген суроосуна коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов «Менин жеке оюмча, бул уюм керек. Азыр, өзүңөр билесиздер, дүйнөдө жана жакынкы региондо эмне болуп жатат. Ошол бардык чакырыктарга, коркунучтарга ушул уюм гана туруштук берет деп ойлойм» деп жооп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG