Кыргызстанда эки Сот адилеттиги үйү ачылганы жатканын бүгүн 2-февралда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында уюштурулуп жаткан бул мекемелер “жакын арада” ачылат:
“Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул да элдин кызыкчылыгы үчүн көрүлүп жаткан аракет. Анын ичинде бардык соттор – райондук, административдик соттор, Сот департаменти, приставдар, бардык сот органдары болот. Көптөгөн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Санариптештирүү да жолго коюлат”.
Сот адилеттиги үйлөрү ачылары, алардын имарат жана уюштуруу маселесин чечүү керек экени соңку 2-3 жылдан бери айтылып келе жаткан. (RK)
Дагы караңыз
Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайтРБК: Орусиянын калкы бир жылда 555 миңге азайдыКадыр Маликов Дин комиссиясынын директоруна кеңешчи болду"Акылдуу башканын катасынан сабак алат". Жаш философтун ой толгоосуТөрөттөн кийинки депрессиядан кантип чыкса болот?