Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

РБК: Орусиянын калкы бир жылда 555 миңге азайды


Москва
Москва

Орусияда 2022-жылы калктын саны 555 миң адамга азайганын РБК агенттиги өлкөнүн Статистика комитетинин (Росстат) маалыматына таянып жазды.

Адистер 543 миңден көп киши өз ажалы менен өлгөнүн, калганн миграцияга кеткендер экенин белгилешүүдө. Росстат 2023-жылдын 1-январына карата Орусияда (аннексияланган Крымды кошкондо) калктын саны 146,4 миллион адам экенин маалымдаган.

Аталган агенттик статистикалык эсепте соңку беш жылдан бери Орусияда элдин саны кыскарып баратканын белгилеген. Ошол эле учурда Москва шаарында жана Дагестанда калк көбөйүүдө.

The Bell басылмасы 2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, жарандарды согушка мобилизациялоо башталгандан кийин 500 миңден ашуун адам өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу иликтөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG