Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 30-январда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жолугушуу элчиликтин демилгеси менен болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты. Андан тышкары Сириядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселеси да көтөрүлдү.
30-декабрда президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу сөз болгон.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинде Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген Вигери 20-ноябрда ант берип, кызматка киришкен. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт Комитет өкмөттүн директорлор кеңешине мүчө болушун сунуштаган долбоорду четке какты Пакистандагы мечиттеги жардырууну жанкечти жасаганы маалым болдуОрусиянын Коргоо министрлиги ыктыярчыларды куралдандырууну чечтиКызыл-Кыя: Жүздөн ашуун жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтө албай жатканы кабарланды ИИМ: Былтыр жол кырсыгынан 690 адам каза болдуДепутаттык комиссия Кумтөрдөгү абал менен таанышты