Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Пакистандагы мечиттеги жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду


Жардыруу болгон мечит.
Жардыруу болгон мечит.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду.

Күбөлөр "Машаал" радиосуна билдиргендей, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти кемселине бомба катып келип жардырган. Каргаша 30-январда 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 37 киши өлүп, 150дөйү жараат алды. Имараттын бир бөлүгү урап, бир нече адамды басып калган.

Полиция кызматкерлери ооруканага ондогон жарадар жеткирилгенин, бир тобунун абалы оор болгондуктан курмандыктар көбөйүшү мүмкүндүгүн билдиришти.

Жардырууну “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылы уюштурганын топтун кол башчыларынын бири Сарбакаф Мохманд Твиттерге жазды.

Премьер-министр Шахбаз Шариф жардырууну айыптап, анын артында тургандарга “катуу чаралар” көрүлөрүн айтып, жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү буйруду.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчыларынын айтымында, жардыруу уюштурулган мечитке полицияда иштегендер жана жергиликтүү бийлик башчылары көп барышат.

Мурдагы премьер-министр Имран Хан да жардырууну айыптап, аны "террордук чабуул" деп атады.

Бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, акыркы кездери бул топ түрдүү чабуулдарды уюштуруп келатат. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуп, АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтышат.

Пешавар - Пакистандын түндүк-батыш тарабында Ооганстан менен чектеш Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору.

XS
SM
MD
LG