Нукус шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, бери дегенде беш киши көз жумду.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 29-январда кечке жуук төрт кабаттуу үйдөгү кырсыктан улам турак жайдын чатыры кулаган. Бир нече киши ооруканада жатат. Арасында беш жаштагы кыз да бар.
Газ түтүгү жарылган үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, азык-түлүк менен камсыздалды.
Нукус - Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономдуу республикасынын борбору.
Дагы караңыз
Бишкектин четиндеги беш конушка газ берүү маселеси талкууланды Пакистанда мечиттеги жардырууда 70 киши жараат алдыӨзбекстан Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салууну айыптадыИлимдер академиясынын каржы маселеси көтөрүлдү