Ысык-Көл облусунун Түп районунда өспүрүм кыздын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу 30-январда облустук милициядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-январда болгон. Ата-энеси кыздын сөөгүн үйдүн короосундагы бакка асынып турган табышкан. Кыз 2009-жылкы экени маалымдалды.
Милиция өспүрүмгө күч колдонуу болбогонун аныктады. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү башталды.
Кыргызстанда бир жылда ондогон өспүрүмдүн суициди катталары, алардын көбү кыздар экени буга чейин маалымдалган.
Дагы караңыз
Төрөттөн кийинки депрессиядан кантип чыкса болот?31-январдын аба ырайыБаткендеги айыл чарба жерлерин трансформациялоо маселеси көтөрүлдү Илимдер академиясынын каржы маселеси көтөрүлдү