Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жалал-Абад облусунда карактоо менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, алар 28-январда кармалган. Шектүүлөрдүн биринин Жалал-Абад шаарындагы үйүн тинткенде эки бычак, колго жасалган бир тапанчага окшош курал, “Макаров” үлгүсүндөгү эки тапанча, төрт ок табылган.
Экинчи шектүүнүн автоунаасынан бычак чыккан. Алар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экөө тең мурда соттолуп чыкканы аныкталды.
Ала-Бука районунун тургуну шектүүлөр анын колуна бычак сайып, тапанча менен коркутуп 50 миң сомун тартып алганын айтып арызданган. Мунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Жалал-Абад шаарынын дагы бир тургуну жогоруда сөз болгон эки адам анын 250 миң сомун бербей жүргөнүн, дагы 200 долларын алып бербей жатканын билдирген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен иш ачылган.
27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атышуудан эки киши жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул иш “Каракчылык” беренеси менен тергелип жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Аймактарда үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдүНефтетрейдерлер: күйүүчү майдын арзандашы сезондук көрүнүшМайлуу-Суу: 15 социалдык объект жылуулук менен камсыз боло элекЖонсон документалдык тасмада Путиндин опузасы тууралуу айттыОрусия Херсонго чабуулун уланттыТалас: вице-мэр менен спикердин камактагы мөөнөтү узартылдыОш–Ноокат–Раззаков жолун оңдоо иши жазында башталат