"Вагнердин" тузагына түшкөн мигрант Украинада окко учту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза болду. Маркумдун жакындары абакта отурган жигиттин кандай жол менен Украинадагы согушка барып калганын түшүнө албай турган чагы. 24-ноябрда Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта каза болгон 30 жаштагы Аяндын сөөгү жакында Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди. Ал Кыргызстандын атуулу болгон, орус жарандыгын алган эмес.