Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал уланууда

Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 1234 абонентти тейлеген №1 откана 99%, 198 абонент караган №4 откана 100% жылуулук берип иштеп жатат. Ал эми №3 отканага караштуу 375 абоненттин 185ине жылуулук берилди.

15 чакырым аралыкта суу агымы калыбына келтирилип, шаардын таза суусуз калган 5 миң түтүнүнүн 35% суу менен камсыз болду.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын ӨКМ 13-январда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отканалардын иши токтогон.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин сууктап, быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болгон. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болуп жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Украинанын шаарларына орус армиясы ракеталык чабуул койдуДепутат үй куруу үчүн аймактарда трансформация маселесин тез арада чечүүнү сунуш кылдыСпорт: күрөштөгү жаңы ысымдарАбактагы саясатчы Жээнбеков саламаттыгы начарлаганын билдирди