Дайыны чыкпай жаткан британиялык ыктыярчылар Соледарда курман болгону аныкталды

Кристофер Пэрри

Украинада дайынсыз жоголгон британиялык 28 жаштагы Кристофер Парри жана 48 жаштагы Эндрю Бэгшоу курман болгону аныкталды. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жана ыктыярчылардын бири Кристофердин жакындары кабарлаганын BBC жазды. Аларды күбөлөр акыркы жолу 6-январда Соледардан тирүү көрүшкөн.

"Биз сүйгөн Крис кесиптеши Эндрю Багшоу менен бирге Соледардагы гуманитардык эвакуация учурунда каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз", - деп айтылат Пэрринин ата-энеси менен анын сүйлөшкөн кызынын биргелешкен билдирүүсүндө.

Алардын айтымында, Пэрри 400дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калууга, көптөгөн кароосуз калган жаныбарларга жардам берүүгө жетишкен. Автоунааларды оңдоого, адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон күйүүчү май жана жабдууларды жеткирүүгө каражат чогулткан.

Эндрю Бэгшоу акыркы жылдары Жаңы Зеландияда жашаган. Орусия Украинага басып киргенде эле согуш тутанган аймакка келген. Бэгшоунун жакындары ал тамак-аш, дары-дармек жеткирип, карыларды эвакуациялоого жардам бергенин айтышты.

Январдын башында Орусиянын "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун жетекчиси Евгений Пригожиндин басма сөз кызматы жана "вагнерчилерге" байланыштуу Телеграм-каналдар Донецк облусунун Соледар шаарынан мурда дайынсыз жоголгон британиялык ыктыярчынын сөөгү табылганын кабарлашкан. Анын жанынан кесиптешинин да документтери чыкканы маалымдалган.

Дагы караңыз

"Чопо чарчоону унуткарат". Арт-терапия борборун ачкан жаштар"Чек арасыз кабарчылар" уюму "Азаттыкты" жабуу аракетин сындадыТаласка казак өнөрпоздору "Саманчынын жолу" менен келди Атай Бейшенбекке Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголдуУкраинада буйрук аткарбаган аскерлерге жаза катаалдаштыБекешев: “Азаттыкты” жабышса коррупция тууралуу жазган башкалар этияттап калышат