Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Украинада буйрук аткарбаган аскерлерге жаза катаалдашты


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын Кылмыш-жаза кодексине аскердик абалдагы жана согуштук шарттарда жоокерлердин жоопкерчилигин күчөткөн өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары командирге же буйрукка баш ийбеген, командирди коркуткан же зомбулук көрсөткөн, согуш талаасынан же аскердик бөлүктөн өз ыктыяры менен кетип калганы үчүн соттолгон аскер кызматкерлеринин жаза мөөнөтү кыскартылбайт жана шарттуу түрдө кесилбейт.

Буйрук аткарбаган аскерлердин жазасын катаалдаткан документке президент Владимир Зеленский кол койду.

Буйрукка баш ийбегендер 3 жылдан 7 жылга чейин, аскерден качкандар 5 жылдан 12 жылга чейин, аскер бөлүгүн, кызмат ордун, согуш талаасын таштап кеткендер же курал колдонуудан баш тарткандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Укук коргоочулар Зеленскийди бул мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр аскерлердин сотто өзүн коргоо укуктарын бир топ чектейт деп эсептешет. Былтыр декабрда бул өзгөртүүлөргө каршы петицияга бир күндө 25 миңден ашуун адам кол койгон.

XS
SM
MD
LG