"Кумтөр" ишканасы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы бул мекеменин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн атынан жарыяланган ачык катка жооп берди. Ишкана 24-январда “Азаттык” радиосуна жөнөткөн комментарийде Бөлтүрүк бул компанияны бир жылдан ашуун башкарып турганы, ага долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык шарт түзүлүп берилгени, бирок “катуу билдирүүлөрүнөн жана жумушка өтө жогору маянага тыштан шектүү адамдарды тартканынан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасалбаганы” жазылган.

Компания “алигүнчө анын “ийгиликтүү” башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп жатканын” жана ал тартып, көп айлык төлөнгөн экспаттардын ордун жергиликтүү адистер ийгиликтүү ээлеп жатышканын кошумчалады.

“Жаңы жетекчилик компанияны өнүктүрүүнүн 2031-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты. Геологиялык чалгындоо толук жүрүп жатат. Балким, Тенгиз Бөлтүрүк өзү тууралуу эске салып, ал алмаштырылгыс кызматкер экенин көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок, убакыт көрсөткөндөй, компанияны башкарып турганда Тенгиз Бөлтүрүк аны Кумтөрдүн каражаты сыяктуу эле максатсыз колдонгон. “Кумтөр Голд Компани” Тенгиз Бөлтүрүккө жеке максаттарына жетүү үчүн компаниянын атын колдонбоону көптөн-көп суранат” деп айтылат ишкананын комментарийинде.

Коррупцияга айыпталып камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу 23-январда ачык кат жолдогон.

Анда ал Кумтөр жана холдинг боюнча толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин, “Кумтөр Голд Компанинин” 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу E&Y (Эрнст Энд Янг) эл аралык аудитордун отчеттору жарыяланбай туруп, өзүнүн жана ишкананын жетекчилеринин каржылык мыйзам бузууларга айыпталып кармалышы коомчулукта түшүнбөстүк, нааразылык жаратканын айткан. Мындай көрүнүш жана “Центера Голд” менен келишимде негизги оюнчу болгон кишинин каржылык мыйзам бузууларга айыпталышы өлкөнүн аброюна, инвестициялык абалга көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Ал Кумтөр боюнча тергөө, сот калыс болоруна, айыпталган ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги караларына ишеним артып жатканын, Кумтөргө кесипкөй адистер тартыш болуп экенин жазган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган. Бөлтүрүк 14-сентябрдан бери камакта отурат. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү. 2021-жылы май айынан тартып Кыргызстан бул алтын кенин өзү башкарып келе жатат. Ага чейин канадалык “Центерра Голд” ишканасы башкарчу. (RK)

Дагы караңыз

Педофилди операция жолу менен кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо таптыЗордуктоого кабылган балдар боюнча бир жылда 52 иш козголдуМирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-27-январга белгилендиГрек-рим күрөшү: Дүйнө чемпиондорунун агаларынын жеңиши