Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 26-27-январга белгиленди


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 26-27-январь күндөрү болорун бүгүн 24-январда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөрү кабарланды.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болот.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG