Былтыр Орусиянын "кара тизмесинен" 47 миң кыргызстандык чыгарылды

Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” 47 миң кыргыз жараны чыгарылганын 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Министрдин айтымында, бул маселе былтыр май айында Москвада эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилген.

Кулубаев билдиргендей, ошол кезде “кара тизмеде” 60-80 миңдей кыргызстандык бар экени маалымдалган.

“Жолдо жүрүү, визалык тартип сыяктуу анча олуттуу эмес административдик эреже бузгандардын иштерин карап чыгып, 47 миң адамды “кара тизмеден” чыгарып беришти. Ал эми оорураак кылмыштар боюнча иш алып баруу кыйын. Бирок биз ишибизди улантып жатабыз", - деди Кулубаев.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (RK)

Дагы караңыз

Аскарбек Шадиевдин башы ачылбаган мүлкү. "Ала-Арчанын" артындагы сырОштогу киши өлтүрүүгө байланыштуу алтынчы шектүү кармалды Депутат Акаев өкмөткө Казакстан менен мигранттар маселесин чечүүнү сунуштады ТИМ: Кыргызстан-Евробиримдик келишимине кол коюуга даярбыз